Велосипед тебем деп, кыздыгыман айрылдым
22 жаштамын. 15 жашымда велосипед көп тебээр элем. Бир жолу этек кирим келип жатканда узак, таштак жолдо тебүүгө мажбур болдум. Велосипедден түшкөндөн кийин жыныстык мүчөм бир аз ооруган. Ошондо кыздыгым түшүп калган жокпу деп, сарсанаа болгом. Учурда ата-энемдин жүзүн жер каратып албайын деп, турмушка чыкпай жүрөм. Сураныч, жооп берип коесуздарбы, кыздыгым түшүп калышы мүмкүнбү? Эч ким менен жыныстык катнашта болгон эмесмин.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, сен кыздык жөнүндө коркпой эле кой. Кыз деп кимди айтат билесиңби, жыныстык катнашта болбогон, өзүн жакшы алып жүргөн кызды айтат. Велосипедден жыгылып, жаракат болгон болсо, анда ал кокустук деп эсептелет. Өзүң айткандай эч ким менен болгон эмес экенсиң. Демек, кудай алдында сен тазасың. Сен кыздык жөнүндө толук маалымат алашың керек. Мисалы үчүн ал эмне, кайсы жерде жайгашкан, канткенде кан чыгат деген суроолорун билишиң зарыл. Сен турмушка чыгаар алдында же азыр деле гинекологго келип көрүнүп кетсең болот. Чындыгында сен кызсың, эч качан кабатыр болуп, ойлонбой эле кой. Кудай алдында таза болуп турсаң, ата-энеңдин жүзүн эмнеге жер каратышың керек. Бизде кан чыккан белги бул башка суроо. Кан кыздардын баарында эле чыга бербейт. Бул кыздык белгинин өлчөмүнө жараша болот. Кээ бир кыдардыкы туубаса чоң болот, кээ бирөөлөрүндө алган жаракаттан улам кан чыкпай калат. Андыктан сен гинекологго кайрылып, текшертип билип алсаң болот.