// //

Кистаны дарыласам, балалуу боло аламбы?

2018.05.07, 10:39
1551

Турмушка чыкканыма 3,5 ай болду. Врачка көрүнсөм жумурткалар кистасы деди. Өлчөмү чоңоюп кеткендиктен (6 болуп калыптыр) операция жасоо керек дейт. Башка дарыгер, операция кылбай эле дарыласа болоорун айтты. Кимисине ишеништи билбей калдым. Кистаны алдырсам балалуу боло аламынбы? Дарылап жок кылса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.05.2018, 10:40

Гулзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу суроо берүүчү, сизге толук маалымат берүү үчүн, биринчи кистанын кайсы түрү экенин аныктоо керек. Кистанын дагы түрлөрү болот, кээ бирлерин операция кылуу керек болсо, айрымдарын антибиотиктердин жардамы менен дарыласа жакшы болуп кетет. Ошондуктан түрүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Сиз өлчөмүнөн башка эч нерсе жазбаптырсыз. Убагында дарылап косоңуз, жакшы болуп кетесиз. Сизге кошумча бир канча суроолорум бар эле:

Этек кириңиз акыркы жолу качан келди эле?

УЗИге качан, этек кириңиз бүткөндөбү, ортосундабы же келээр алдында өттүңүз эле?

Ичиңиз ооруйбу же оорубайбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт