Боюмда бар, самолётко түшсөм болобу?
Мен азыр Москвадамын. 27 жумалык боюмда бар. Бул жактан мамлекеттик бейтапканага каттоого турдум. Кыргызстанга барып келишим керек болууда. Билишим боюнча учакка 24 жумага чейин гана боюнда барлар түшүүгө уруксат экен. Ичим чоң деле эмес, бош кийим кийсем билинбей калат. Учакка олтура берсем балага зыян эмеспи?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, учакка түшүүдө кош бойлууларга белгилүү бир жумага чейин гана болот деп чек койгондугун себебин билишиңиз керек. Алардын бири асмандан төрөп коюу коркунучу жогору болгондугунда. Эгер кокустан толгооңуз келип, төрөп баштасаңыз ал жерде жардам берүүгө шарттар жок, кыйналып каласыз. Балага дагы терс таасирин берет. Андыктан, жумушуңуз зарыл болбосо эч жакка учпай эле туруңуз. Ошол жактан төрөп, анан түшүңүз. Сиз учам деген күндө дагы, сизди учактан алып таштоого алардын укугу бар, бул мыйзамда көрсөтүлгөн.