Башымда без бар
2018.05.03, 10:32
2357
Адамдын башында без болушу мүмкүнбү? Менин башымда кичинекей домпойгон нерсе бар. Ал нерсе катуу, сыгып көрсөм да оорутпайт. Мага терс таасирин тийгизбейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2018, 10:37
Чынара Балтабаева
Терапевт
Баштагы шишик жаракат алуудан, курт-кумурскалардын чагуусунан, баш клеткаларынын туура эмес бөлүнүүсүнөн, кан айлануунун же гормоналдык бузуулуусунан улам пайда болот. Адамдарда атерома деген шишик эң көп кездешет. Бирок бул шишик оорутуу менен коштолот. Сиздин айтымыңызда башыңыздагы дөмпөк оорутпайт экен. Сиз терапевтке, жакшысы хирургга кайрылып, текшерилиңиз. Эгерде дарыгер түрүн аныктап, алып салуу керек десе, убагында операция жасатып, алдырып коюңуз.
0
Пайдалуу жооп