Контракт төлө деп жатышат
Былтыр агрардык жактын контракт бөлүмүнө окууга тапшыргам. Бирок сабакка бир дагы жолу барган эмесмин. Жыйынтыгында автоматтык түрдө окуудан чыгарышты. Быйыл атестатымды алайын деп барсам контрактын жарымын төлөгөндөн кийин берээрин айтышты. Ушундай болушу мүмкүнбү?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Контракт төлөө маселеси окуу жай менен студенттин ортосундагы атайын келишимде көрсөтүлөт. Сиз келишимди карап, кандай учурда контракт төлөнөт же төлөнбөйт билсеңиз болот. Ошондой эле окуудан четтетүү буйрутмасы чыкканга чейин юридикалык жактан сиз ал университеттин билимин алып жаткан студенти болуп эсептелесиз. Тактап айтканда билим берүү кызматын колдонгон болосуз. Демек, буйрук чыккан мөөнөткө чейинки акыны төлөп бересиз.