// //

Жыныстык мүчөмдө шишик пайда болду

2018.05.02, 09:57
959

Өзүм 22 жаштамын. Бир кызым бар. Учурда 5 айлык кош бойлуумун. Биринчи кызым боюмда бар кезде жыныстык мүчөмдүн сол тарабында шишик пайда болгон эле. Убагында ага көңүл бурган эмесмин. Азыр чоңоюп, бир аз ооруп жатат. Орусча айтканда “киста бортолиновой железы” деп коёт экен. Интернеттен окуп түшүнбөдүм. Бул оору менен өзүм төрөсөм болобу жана кантип дарыласам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.05.2018, 10:14

Бактыгүль Абдраманова

Гинеколог

Урматтуу окурман, ар бир айым боюнда болгон учурда жашаган жери боюнча каттоого алынат. Андан кийин ар түрдүү анализдерди тапшырат. Дал ошол анализдин жыйынтыгынан кош бойлуулук учурунда козголуучу оорулардын түрү билинет. Менде бир суроо пайда болду, сиз кош бойлуу деп каттоого алынган белеңиз? Эгерде каттоого турган болсоңуз, сизди көзөмөлдөгөн дарыгер ай сайын текшерүү жүргүзүп турушу керек эле . Ошондо сиз киста деп айтып жаткан нерсенин анык диагнозу коюлмак. Өз алдынча дары колдонбоңуз. Балага терс таасирин берип коюшу мүмкүн. Интернеттен туура эмес маалыматты окубай, гинекологуңузга барыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт