Эки кызым эки жакта
2018.05.01, 15:17
819
Азыркы учурда күйөм экөөбүз чогу жашабайбыз. Ачуусу менен “мен сени менен жашабайм” деген, азыр болсо “кайра жашайбыз” дейт. Биздин бирге болушубузга жолдошумдун туугандары каршы. Ортобузда болсо эки кызыбыз бар, ал экөө эки жакта. Эмне кылышыбыз керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.05.2018, 15:24
Айгүл Ысыкеева
психолог
Балдарыңардын бирге өсүп чоңоюшуна шарт түзүп бере албаган жоопкерчиликтин жоктугун билдирет. Үй-бүлө болуп туруп өзүңөрдүн көйгөйдү чече албайсыңар, ошол себептен улам жашооңорго туугандар аралашып жатат.
Сен алгач төмөнкү суроолорго жооп изде:
- Мындай жашоо мага эмнеси менен керек?
- Мындан ары жашоом ушул боюнча уланса эмне табам, эмне жоготом?
- Күйөм менен келечекте бирге боло аламбы жана бирге болуу керекпи?
- Балдарымдын келечеги кандай болот?
Бул суроолорго жооп берип жана дагы жолдошуң менен биргеликте алдыда боло турган жашоону кеңешип чечим чыгарасың деген ойдомун.
0
Пайдалуу жооп