// //

Таежемдер үйүбүздү алып койбойбу?

2018.04.30, 09:28
729

Ата-энем ажырашкандан кийин апамдын төркүнүндө жашап калдык. Тайенем каза болгондон бери үй апамын атында. Апамын эже-сиңдилери үйдү талашабы деп корком. Тилеке каршы биз дагы 3 кызбыз. Турмушка чыксак үйдү алып койбойбу? Эгерде үйдү таежемдер талашса мыйзам ким тарапта болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.04.2018, 09:33

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу суроо берүүчү, эгерде тайенеңиз көзү тирүү кезинде мүлктү апаңызга мыйзам талабы боюнча белек иретинде калтырган болсо жана ал мүлктү апаңыз кабыл алган болсо, анда үйүнүздөр жалгыз апаңыздыкы болуп эсептелинет. Таежелериңиз үйдү талашкан күндө дагы, мыйзам сиздер тарапта болот. Эгерде апаңыз үйдү тайенеңиз каза болгондон кийин, мыйзам боюнча мурасты кабыл алуу процедурасы боюнча кабыл алган болсо, бул учурда дагы мурас мыйзамдуу кабыл алынды деп эсептелинет. Сиздер турмушка чыгып кетсеңиздер да үйдү эч ким алып коюга укугу жок. Үйдүн документтерин көрсөтсөңүз толугураак кеңеш берет элем. Менин номеримди редакциядан алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт