Мен аны унуткум келет
Менин жашым 18 де, 9-классымдан бери бирге окуган классташ балам менен сүйлөшчүмүн. Жакында эле урушуп кеттик, ортобузду бирөө бузуп койду окшойт. Аны унутайын десем дагы унута албай кыйналып жатам. Мен аны абдан жакшы көрөм. Эмне кылсам болот, кеңеш бериңиздерчи?
Айгүл Ысыкеева
психолог
Каарман сиз азыркы учурда, өткөн чак, кайра келбей турган убакыт, көз ирмемдер менен жашап жатасыз, азыркы болуп жаткан учурларга маани бербей жүрөсүз. Сиз көзүңүздү ачыңыз дагы, учурдагы жашооңузда эмнелер болуп жатканына көз жүгүртүңүз.
Сынып калган идишти кайра жаңы кылып чаптап коё албагандай эле, өтүп кеткен сүйүүңүздү кайра калыбына келтирип кайрый албаарыңызды түшүнүңүз. Эгерде сиздин ичиңизде кандайдыр бир таарынычтар, айтылбаган сөздөр болсо ал жигитке айтып бугуңузду чыгарып алыңыз дагы, жаңы жашоо баштаңыз. Өзүңүзгө кызыгуу издеңиз, алаксыңыз, билим алыңыз.