Сары кызмын ысыкта кызара берем..
2018.04.28, 12:23
1556
Мен өзүм сары кызмын, күнгө чыксам эле кызарып чыгам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.04.2018, 12:24
Мээрим Давлетова
косметолог-дерматолог
Сиздики купероз, сары адамдардын териси абдан жука болгондуктан бетиндеги кан тамырлар териге жакын жайгашкан, күн ысыган учурда кан тамырлар жарылып бет кызарат. Бети катуу адамдардын эндотелийлери бири-бирине бекем болуп тургандыктан көп кызарбайт, ал эми бети жумшактардын эндотелийинин аралары ачык болуп кан тамырлар жарылганда сыртка чыгып кызарат. Сизге эч качан мончого түшкөнгө болбойт, түшпөңүз. Эгерде боюңузда жок болсо дарыканадан “аскорутин” деген дарыны тамак ичип жаткан учурда 1 даанадан 2 маал ичсеңиз жардамын берет.
0
Пайдалуу жооп