Жогорку билимимди кантип улантсам болот?
2018.04.24, 14:44
886
Кыргызстан Ислам Университеттинде 2 жарым жыл окуп, окуумду толук аяктабай турмушка чыгып кеткем. Азыр балам чоңоюп калгандыктан окуумду И. Арабаев атындагы КМУдан улантсамбы деп жатам. Кантип которулсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.04.2018, 14:55
окуу бөлүм кызматкери
Сиз алгач Ислам университетине барып 2 жарым жыл окуган документтериңизди алып КМУнун 10-микрорайондогу Дин таануу факультетинин окуу бөлүмүнө барасыз. Ал жактан сабактын айырмасын санайт жана чыккан сабактын айырмасына жараша кабыл алат.
0
Пайдалуу жооп