1-класска кабыл алуу 1-июнда башталат
2018.04.30, 13:49
2234
Кичи аймактардагы балдарды 1-класска кабыл алуу 1-июндан башталып 15-августка чейин созулат. Ата-эненин же баланын ден-соолугуна байланыштуу же башка бир бир жүйөлүү себептер бар болсо, кабыл алууну кийинки айларга жылдырса болот.
1-класска кабыл алууга төмөнкү документтер топтому керек:
- Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мектеп мүдүрүнүн атына жазган арызы
- Ф-26, Ф-63 үлгүсүндөгү медициналык карта
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
- Ата-эненин бирөөсүнүн паспорт көчүрмөсү
- Баланын жашаган жерин тастыктаган документ ( эгерде ата-эненин бирөөсүнүн паспортунда көрсөтүлгөн дарек менен баланын жашаган жери дал келбесе)
- Мектепке кабыл алуу учурунда баланын ден-соолугунун абалы туралуу маалымкат
Мектепке тийиштүү кичи аймакта жашабаган балдарды 1-класска кабыл алуу 15-августан башталып, 5-сентябрга чейин уланат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.