Аябай арыкмын
Мен эркек баламын. Учурда 19 жаштамын. Боюм 185 см, ал эми салмагым 60 кг. Аябай эле арыкмын, эмне кылсам болот? Бир жолу дарыкандан курттарга каршы 200 сомдук 2 таблетка алып, ичип көрдүм. Дарыканадагы сатуучу кыздын айтуусу боюнча ал дары ичти өткөрөт экен. Бирок менде эч кандай ич өтүү болгон эмес. Эмне себептен арыкмын?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог
Мурун кандай салмакта элеңиз, ата-энеңиз кандай адамдар, алар толукпу же арыкпы? Мүмкүн ошолорду тартып калгандарсыз. Генетиканы дагы эске алууну унутпайлы. Мүмкүн сиздин салмагыңыздын азайып кетишине лямблиоз, эхинококоз же ашказан оорулары таасир берип жаткандыр. Ошондуктан дарыканадан өз билемдик кылып дарыларды алып иче бербей, диетологго же эндокринологго анализдерди тапшырып, жыйынтыгы нормалдуу чыкса гана салмак кошууну баштаңыз. Спорт менен машыгып, балансталган тамактануу режимине өтүңүз. Жыйынтыгы тез эле болуп калат деп ойлобоңуз. Бир аз күтүү керек болот.