Бир көйгөйүм бар
17 жаштамын. Бир көйгөйүм бар. Дарыгерге баруудан жана апама айтуудан уялып жатам. Этек кирим 2 күндөн бери келип жатат. Бүгүн оорутканынан карасам, ичи кичине шишигендей болуп калыптыр. Эмне кылсам болот?
Бактыгуль Абдраманова
Гинеколог
Сиз бул биринчи айызыңызбы же жокпу кененирээк маалымат бербептирсиз. Биринчи келген этек кир оору менен коштолот. Бул нормалдуу көрүнүш, баса калып, дарылоонун кереги жок. Ошондой эле этек кир алдында же келген маалда оорутуу баардык айымдарда болот. Оорунун дагы даражалары бар. Эгерде чыдатпай оорутуп, тынчыңызды алса анда жакындарыңызга айтып, уялбай тезинен гинекологго кайрылыңыз. Шишигендей болуп калыптыр деп жатасыз, бул нерсенин баарын сизди текшергенде гана билинет. Андыктан создуктурбаңыз.