Өзүмө жыныстык мүчөм кичине сезилет
Мен 20 жаштамын. Өзүмө жыныстык мүчөм кичине сезилет. Мисалы эрекция учурунда 12,5 - 13см болот. Азыр титан гель сыяктуу жыныстык мүчөнү чоңойтуучу каражаттар чыгып калды. Аларды пайдаланып көрсөм зыяны тийбейби?
Канат Казымбеков
Уролог
Ар бир эркек бала бойго жеткенде эркектик гормондор көбөйүп, организим өзгөрүп, өсө баштайт. Толугу менен эркектик касиетке ээ болгондо жыныстык органдар чоңоет. Андыктан шашылуунун кереги жок. Жыныстык мүчөнү чоңойтуу ыкмаларынын баары туура эмес жолдор. Гелдер, дарылар, маздар, же атайын каражаттардын чоңойтууга эч кандай шарты жок. Төрөлгөндө кандай болсо, ошондой калтырып коюу керек. Ооба, операциялык жол менен жыныс мүчөсүн узартса болот. Бирок бул нерсенин дагы жакшы жана жаман жактары бар. Себеби операциядан кийин жыныс мүчөсүнүн бурчу туура эмес болуп калат.
Жыныс мүчөнүн өлчөмү 13 см болсо, ал патология эмес. Эгерде эрекция болбой, кадимки калыпта турганда 10 см болсо нормалдуу эле болуп саналат. Себеби эрекция учурунда жыныстык мүчө эки эсеге узарат. Эгерде жыныстык мүчө эрекция учурунда 6-8 см болсо, кичинекей мүчө деп айтып, текшерүүгө алабыз. 13 см нормалдуу.