ЖРТ тапшырбай койсом болобу?
2018.03.13, 16:22
1860
Учурда 11-класстын окуучусумун. Тарых сабагынан республикалык олимпиадага жолдомо алдым. Эгерде биринчи же 2-3 орундарды алсам кандай женилдиктер же болбосо артыкчылыктар болот. Мисалы 1-орунду алсам ЖРТ тапшырбай эле, юриспруденцияга бюджетке өтө аламынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2018, 16:23
Билим берүү жана илим министрлиги
Эгерде республикалык олимпиададан байгелүү орундарга ээ болсоңуз, Жогорку окуу жайларга предметиңиздин профилине жараша гранттык орундарга сынаксыз өтө аласыз. Бирок сиздин ЖРТ упайыңыз 110дон жогору болушу керек. ЖРТны окуу жайга өтүүнү каалаган бардык абитуренттер милдеттүү түрдө тапшырат.
0
Пайдалуу жооп