Оң көзүм көрбөй калды
2018.03.13, 11:14
848
Оң көзүмдү кичине кезимде катарак оорусуна байланыштуу операция кылдыргам, тилекке каршы көрбөй калды. Чоңойгондо бир аз кыйшайып ыңгайсыздык жаратып жатат. Мындан сырткары оң көзүмдүн кирпиктери ылдый карап өсүп, сурмам жок, сол көзүмдө сурма бар. Бул маселелерди чечсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2018, 11:23
Сабира Апышова
офтальмолог
Сизге консультация берээрден мурун текшерип, өз көзүм менен карап көрүшүм керек. Көп кабатырланып, башыңызга түшкөн сыноону терс көз караш менен кабыл албаңыз дейт элем. Себеби азыркы заманбап медицинада көп көйгөйлөрдү чечсе болот. Андыктан дарыгерге кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп