AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апамдын көзүнө чөп салган атам “мендей акмак” болбо деди

Апамдын көзүнө чөп салган атам “мендей акмак” болбо деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигит айтып берген баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Азгырыктарга туруштук бере албай апаңардан ажырадым

“Балам, атаң экөөбүз ажырашып жатабыз. Бул жерде силердин эч кандай күнөөңөр жок. Болгону, мындан ары бирге жашоо мүмкүн эмес болуп калды. Карындашың али кичине, сени туура түшүнөт деп ойлойм. Бирок, эмне гана болбосун биз силерди жакшы көрөбүз жана ата, апаңар бойдон калабыз.”  Эмне үчүн ажырашканы кызык болуп жатабы? Атам апама “измена” кылган.

Апам эч качан ага чейин дагы, андан кийин дагы карындашым экөөбүзгө атамды жамандаган эмес.

Апам аябай акылдуу аял. Мен аны менен сыймыктанам. Бир нерсе болсо, уялбай эле ага ачык айтам. Апам ар дайым жанымда. Ал эми атамдын мага убактысы жок. Эки жылда бир, эң аз дегенде бир жылда бир жолу келет. Анда дагы ашып кетсе үч саатка. Туулган күнүм болсо, эртеси же бир жумадан кийин чалып куттуктайт. Мындайча айтканда ажырашкандан кийин мени менен иши деле жок болуп калды.

Бара-бара сүйлөшпөй койдум. Чалса албайм, жазса жооп бербейм. Апам эмне болгонун сурады. “Апа, атам менен мамилебиз кандай болорун өзүм чечким келет”,-дедим. “Мен сенин тандооңду сыйлайм.” Апам акылдуу дебедим беле.

Атам келди. Карындашым экөөбүздү ээрчитип киного алып барды. Андан чыгып кафеге кирип пицца жедик. Мурдагыдай эле, эч өзгөрбөптүр. Атам аябай мактанчаак. Телефонун, колундагы саатын көрсөтүп, эки-үч күндөн кийин машинасын алмаштырарын айтты. Жылмаюп койдум. Андан башка эмне дейм.

Карындашым балдар аянтчасында ойноп жатканда сөз баштады.

— Уулум, өзүмө эле окшошсуң.

— Мен сизге окшош болгум келбейт.

— Эмнеге?

— Сиз мени жаман көрөсүзбү?

— Жок.

— Калп айтпаңыз! Жакшы көргөн ата балдарынан кабар алып турат. Бир жылда бир келип же чалып коюу бул жакшы көрүү эмес. Жок, ата, кийин мен сага окшош адам болгум келбейт. Сиз бизди таштап кеткенсиз!

— Андай эмес уулум…

— Ошондой! Апам гана жаныбызда болду. Сиз кайда жүрдүңүз? Ар дайым калп айтасыз. Эмне деп айтканыңызды кайра унутуп коесуз. Балким, калп айтканыңызды токтоторсуз? Мага сизден ата катары колдоо керек! Айтыңызчы, эмне үчүн бизди таштап кеттиңиз!

— Анткени мен акмакмын. Ооба, уулум, акмакмын. Мага баарынан ушу сөз туура келет.

— Ата, мен акмак болгум келбейт.

— Болбо уулум, болбо… Бул үчүн эч качан калп айтпашың керек. Угуп жатасыңбы, эч качан. Калп айтсаң, мага окшоп токтоно албай каласың. Сени чын жүрөгүнөн сүйгөн адамдарыңды жоготосуң. Алар кетип калат, эх, анан кайтып келбейт… Ооба, силерге калп айттым. Азгырыктарга туруштук бере албай апаңардан ажырадым. А мен аны дагы да болсо сүйөм… Азыр өзүмдү көргүм келбейт. Силердин көзүңөрдү карагандан уялам. Ошон үчүн алдыңарда авторитетимди көтөрүү үчүн телефонумду, саатымды көрсөтүп мактана берем. Туура айтасың уулум, сен мендей болбошуң керек.

— Ата, азыр чын айтып жатасызбы?

— Өмүрүмдө биринчи жолу чын айтып жатам.

— Ата, мага телефон же саат кызык эмес. Мага сен керексиң.

— Билем уулум, билем. Акмак атаңды кечир.

Экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Эсепти алып келген официант кыз таң калып туруп калды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП

realme – өз наркындагы смартфондордун арасында жаӊы ТОП

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.