AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Апамдын бул сөзүнөн кийин бир баласы бар айымга үйлөндүм

Апамдын бул сөзүнөн кийин бир баласы бар айымга үйлөндүм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Сүйүүдөн көңүлүм калды. Жумушка баш отум менен киришип кеттим. Туугандардан алыстадым. «Качан үйлөнөсүң» дешип тажатышты. Бир жолу катуу сүйдүм. Бирок, тагдырым эмес экен, кое берип алдым. Чынын айтканда, өзүм күнөөлүмүн, колумдан жулуп кетишти. Жумшактык кылдым. 

Максатым жок. Эми акча табуу, болушунча көп. Бул колумдан жакшы келет. Бирок, үйгө баргым келбейт. Муздак батирде жалгыз жаткандан корком. Чын, корком. Бирөө тосуп алса дейм. Бирөө үчүн кыймылдагым келет. Үйгө таттууларды көтөрүп баргым келет. Аттиң…

Кечээ апам келип кетти. Келиндүү болгусу келгенин айтты. Экөөбүз тартыша кеттик. «Балам, сүйгөндөн коркпо» деди. А мен баары бир корком. Жүрөктүн ооруганы башкача экен. 

Бүгүн дагы инстаграм баракчасына кирдим. Үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жаткандай. Күйөөсүнүн сүрөтү экен. Эх, анын ордунда мен болмокмун. Күн сайын аккаунтуна көз жүгүртүп чыгам. Жөн гана… Балким унута албай жатам. 

Шоро ичкени токтогом. Бир кыз келип чалап сурап калды. Күлкүсү көңүлүмдү бурду. Көздөрү жылтырап турат. Денеме бүдүрчөлөр чыгып кетти. Анан дагы жылмайганы. Жүзү кудум жаш баланыкындай таза. Арбап алды. 

Артынан басып бара бердим. Байкап калды. «Сизге эмне керек?» дегенде шок болуп калдым. Кыздар менен таанышканды унутуп калыпмын. Ар нерсени сүйлөп баштадым. Күлкүсү. Дагы арбалдым. 

Каалабасам дагы сүйүүгө кайра туш болдум. Бир баласы бар экенине карабай сүйдүм. Анын жанында мен өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Карап эле тургум келет. Үйлөнүүнү чечтим. 

Туугандарым каршы чыкты. Турмуштан чыккан кызды аларымды колдошподу. Эмне үчүн экенин түшүнбөдүм. Эми тагдыры ошондой болгондур. Мен үчүн бул маанилүү эмес эле. Мен баары бир үйлөнөм. 

Акыркы сөздү апам сүйлөдү. «Балам эми тирилди. Үйлөнбөй өтүп кетеби деп коркком. Каалганына үйлөнсүн. Болгону аты жаман жалгыздыктан алыс болсун. Үйүндө күткөнү бар экенин билсем эле болду, жүрөгүм тынч. Сезимдерди эч кимибиз башкара албайбыз. Тек гана баш ийип беребиз.» 

Ыраазы болдум. Туугандар ооздорун жапты. Тоюмда эч нерсе болбогондой чардашты. Келинин макташты. 

Үйгө шашып баратам. Анткени мени күтүп жатышат. Бул ушундай сонун сезим экен. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялым апама бакырып жатса унчукпай карап турдум

Аялым каза болгондон кийин эч ким эмес экенимди түшүндүм

Кайын энем “жеңеңер кызматчыңар эмес” деп мени коргоп балдарын урушат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
#КЫСКА_НУСКА: Балдар үчүн хоспис деген эмне жана эмне үчүн керек?

#КЫСКА_НУСКА: Балдар үчүн хоспис деген эмне жана эмне үчүн керек?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.