Байкемдин балдарын таенеси ар кайсы шылтоону айтып көрсөтпөй жатат
2020.02.11, 15:19
1202
Саламатсызбы! Байкем менен жеңем ажырашып кеткен. Ортолорунда эки бала бар, байкем аларга алимент төлөйт. Балдар азыр таенесинде, апасы чет өлкөдө. Балдарды сурасак ар кайсы шылтоолорду айтып беришпейт. Каалаган убакта алып барып берип турсак болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.02.2020, 15:21
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Балдарды каалаган убакытта алуу боюнча эки тарап жолугуп келишип алсаңар болот. Эгер бир чечимге келүү мүмкүн болбосо, балдар менен жолугушуу жөнүндө убакыт белгилеп берүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылгыла.
0
Пайдалуу жооп