Баланын атына жазылган үйдү сатса болобу? Адвокат жооп берет
2020.01.10, 10:04
1409
Саламатсызбы. Биздин үй баламдын атына жазылган. Ал болгону 2 жашта. Биз ошол үйдү сатып, башка үй алсак болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2020, 10:05
Ширин Алмазова
Адвокат
Ооба, болот. Бирок, алгач Үй бүлө жана баланы коргоо органына кайрылып алардан уруксат алышыңар керек. Себеби, менчик ээси жашы жете элек бала болуп жатат.
Эгер органдын кызматкерлери жашап жаткан үйдү сатып, ала турган үй баланын кызыкчылыгын, анын жашоо шартын бузбаса жана начарлап кетүүсүнө алып келбесе, анда уруксат берилет.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп