AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жыныстык катнаштан кийин бутту өйдө көтөрүп жатса

Жыныстык катнаштан кийин бутту өйдө көтөрүп жатса, тезирээк бойго бүтөбү?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
588
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Коомдо кош бойлуулукту пландаштыруу боюнча бир нече мифтер бар. Алардын ичинен кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин Bilesinbi.kg акушер-гинеколог Раушан Джумагуловадан сурады.

Миф №1. Жаш жубайлар үйлөнгөндөн кийин бир айдын ичинде бойго бүтөт

Жок, бул чындыкка дал келбейт. Негизи эле бир айдан кийин эле кош бойлуулукту күтүу туура эмес. Медицинада жаштар баш кошуп, туруктуу жыныстык катнашка бара баштагандан кийин бир ыжлга чейинки убакыт берилет. Анткени жаштар бири-бирине физиологиялык жактан көнүп, мындай айтканда жыты сиңиш керек. Адамдар ар кандай болушат, алардын организмдери да бири-биринен айрымаланат. Кээ бирөөнүкү дароо бойго бүтсө, башкаларына бир нече ай керектелет. Эгер бир жылдын ичинде бойго бүтпөсө, анда дарыгерлреге кайрылуу сунушталат.

Миф №2. Жыныстык катнаштан кийин аял бутун өйдо көтөрүп жатса, тезирээк бойго бүтөт.

Жок, буга эч кандай илимий негиз жок. Ооба, физиологиялоык жактан алып караганда, аял бутун өйдо көтөрүп жатса, сперма тезирээк жатын көңдөйүнө жетчүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок, андай эмес. Аялдын кынында былжыр чел бар, ал эми сперматозоиддер тынымсыз кыймылда болуп турат. Жетчү жагына өзү эле жетип алат. Капталдап жаттыңбы, дароо туруп кеттиңби, бутуңду өйдө көтөрдүңбү, мындан көз каранды эмес. Бул көбүрөөк циклдин кайсы күнү жыныстык катнаш болду ошондон көз каранды.

Миф №3. Эгер эркек аялдын ичине бүтүрбөсө бойго бүтпөйт.

Бул күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануунун эң ишенимсиз ыкмасы. Ошого карабастан эл арасында кеңири тараган миф. Жогоруда айтылгандай сперматозоиддер активдүү болуп, тынымсыз кыймылдап турушат. Эякуляцияга чейин деле эркектин жыныс мүчөсү аз-аздан суюктук бөлүп чыгарат. Ал суюктуктун курамында да сперматозоиддер болушу мүмкүн. Кыздыгынан ажырабай туруп, кош бойлуу болуп калган учурлар, мына ушундайдан улам катталат.

Миф №4. Эгер аял ысык укол алса, тезирээк бойго бүтөт.

Мунун кандайдыр бир денгээлде чындыгы бар. Ысык уколдун курамына кальций глюконаты кирет. Ал кан тамырларды кеңейтип, сиңирүүсүн жакшыртат. Аны адатта сезгенүү ооруларын даярлоо максатында жазып берилет. Аялдын ден соолугу жакшы болуп, натыйжасында бойго бүтүу процесси да тездейт. Ал эми ысык уколду жөн эле тезирээк бойго бүтүроүү үчүн алган болбойт.

Миф №5. Канчалык көп жыныстык катншака барса, балалуу болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.  

Жок, бул да жаңылыш пикир. Жыныстык катнашка тез-тез эле бара берсе, сперма бара-бара стерилдүү абалга жетет. Башкача айтканда, суюлуп, анын курамындагы спематозоиддердин концентраты азаят. Бул активдүүлөрү кескин төмөндөйт, дегенди билдирет. Эгер жубайлардын максаты балалуу болуу болсо, анда жумасына 3-4 жолу кошулуу жетиштүү.

Бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү овуляция күндөрү жогору болот. Мисалы 28 күндүк менструалдык циклдин 13-14-15 күндөрү овуляция мезгили болуп саналат.

Миф №6. Баланын жынысын алдын ала пландап же эсептетсе болот.  

Жок, бул миф. Мындай суроо менен кайрылгандар абдан көп. Интернетте түрдүү календарлар бар, бир нечесин алып салыштырып деле көргүлө. Бардыгы бири-бирине карама каршы келет. Мунун менен айтайын дегеним, болочок баланын жынысын биз пландаштырып же эсептеп бере албайбыз.

Болочок ата-энесинин тамактануусунан, темпераментинен, жыныстык катнша учурундагы позадан ж.б. да көз каранды эмес. Керек болсо ЭКО жасатып жатканда да доктурлар баланын жынысына эч кандай кепилдик беришпейт.

Биз канчалык пландабайлы бул процесс адамдан көз каранды эмес.

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

SummarizeБөлүшүштү235

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар

Гриппке каршы эмдөө: кандай зарылчылыгы бар, кайсы жерден алса болот?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.