AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулумдан бекитип конфет берген келинимди катуу сагындым

Уулумдан бекитип конфет берген келинимди катуу сагындым

30 мая, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Келинимди сагынган сайын көлгө барам. Таң эрте туруп эч кимге айтпай кетип калам. Жээгинде отуруп алып аны менен өткөргөн күндөрдү эстейм. Кыздарымдан дагы башкача жакшы көрөм. Азыр мага ал кадимкидей жетишпей жатат.

Тун уулубузду үйлөйбүз деп баарыбыз толкунданып алганбыз. Мен келинимдин башына жоолук салып жатканымды эстесем калтырап чыгам. Ананчы, биринчи ирет кайын эне болгону жатсам. Кызым «айылга жакындап калышыптыр» десе буту күйгөн тооктой ары-бери чуркайм. Машинанын үнү угулганда эсимди жоготуп кое жаздадым.

Келиндүү болуу кандай керемет экенин мага келиним көрсөттү. Экөөбүз божурашып чогуу иш кылабыз, чогуу чай ичебиз, чогуу тойлорго барабыз. Мен ансыз эч жакка баспай калдым. Ал жок болсо, кадимкидей чүнчүп, куса болуп кетет элем. Баламды деле унутуп калдым. Мага келиним болсо болду эле…

«Апа, чай ичесизби» деген үн менен ойгонуу кандай керемет. Базарга барамбы, жакшылыктарга барамды келиниме деп жактырган таттууларын алам. Үйгө келип «эч кимге көрсөтпөй же, тиги талашат» деп өз баламдан кызганып, бекитип берем (күлүп). 

«Келиниңе ушундай мамиле кыласыңбы, катуу карма» дегендер толтура болду. Катуу кармап эмне жакшылык көрмөк элем. Мага анын бактылуу болуп жүрүшү маанилүү эле. Үйүбүздүн көркү ошол келиним болду. Бирок, бактыбыз көпкө узабады…

Эки балалуу болушкандан кийин келиним оорудан каза тапты. Суук кабар айылга келгенде аны менен кошо өлүп калгым келди. Анте албадым, балдарым үчүн, жолдошум үчүн, неберелим үчүн турушум керек болду. Уулум «апа, мен кантип жашайм» деп ыйлады. Мен ичимден кантип дем алам деп ыйладым. 

Андан бери жылдар өттү. Неберелерим бой жетип, өз жолдору менен кетишти. Уулум үйлөндү. А мен келинимди, анын кылган жакшылыктарын унута албадым. «Апооу» деп шаардан келген жүзүн сагындым. Азыр күйөө балдарым, келиндерим толтура. Бирок, тун келинимдин ордун эч кимге бере албадым. Жок, жаман ойлобогула, башкаларын жакшы көрөм, бирок башкача жакшы көрөм.

Бүгүн минтип мага кайын эне болуу кандай керемет экенин көрсөткөн келинимди эстеп алдым. Эмнегедир силер менен бөлүшкүм келди. Куса болгондо ага арнап ыр чыгарып дагы коем. Баса, уулум экөөнүн кызы апасына аябай окшош. Чоң апалап үйгө келген сайын келиним жүргөндөй эле болот. Эми конфеттерди ошого деп катчу болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мени сүйгөн классташымдын аялын көрүп бир маанилүү нерсени түшүндүм

Мени сүйгөн классташымдын аялын көрүп бир маанилүү нерсени түшүндүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.