AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулум өгөй атасы берген белекти ачып көрүп ыйлап кирди

Уулум өгөй атасы берген белекти ачып көрүп ыйлап кирди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тагдыр мени аябай эле сынады. Тактап айтканда, сындыргысы келди өңдүү. Бирок, мен сынбадым. Ар бир сыноосун татыктуу көтөргөнгө аракет кылдым. Акыр аягы ага жолуктум.

Алтыным балам, төрөлгөндөн бери атасынан бир жакшы сөз укпады. Мага жаман сөз айтканы аз келгенсип, уулуна көп кол көтөрчү болду. Уулум мени коргойт, мен аны коргойм. Акыры чарчадым. Бул жашоо эмес эле тозок болчу. Уулумду алдым дагы, кетип калдым.

«Апа кайда барабыз?» Балам калп айтпасам он жолу ушинтип сурады. Сыртыман байкатпаганым менен, ичимден ыйлап жаттым. Билбейм деп айтыштан корктум. Уялдым. Бутум кайда алып барса ошол жакка кете бердим. Азыр жетебиз деп ага калп үмүт бердим. Ушундай жашагым келбеди. Бирок, могу балам гана кармап турду.

«Идиш жуучу керек» деген жазууну окуп тык токтодум. Кафеге кирип бардым. Каардуу аял, кагып-силкип тосуп алды. Чыдадым. Көрсөткөн жерине барып идиштерди жууй баштадым. Кир идиштин арасынан кардарлардан калган бир манты таап алдым. Жанымда отурган уулума шап кармата койдум. Балам ай, экиге бөлүп жарымын мага берди.

Кыйын күндөр далай өттү. Эстегим келбейт. Айткым келбейт. Өткөндөр өткөндө калсынчы.

Экөөбүз эч качан бири-бирибизге «сүйөм» деп айтпадык. Мамилелер баарын далилдеп турду. Анын камкордугу баарын далилдеп турду. Көздөр баарын далилдеп турду. Мен биринчи жолу бирөөгө ишендим. 

Уулум бешинчи класс болуп калган. Акыры баш кошууну чечкенден кийин, биринчи балам менен тааныштырганы алып келдим. Ал уулума деп белек алып алган. Уулума колундагы белекти берди. Балам ачты. Ичинде кат экен. 

«Менин балам болууга макул болчу. Сага мыкты ата болуп берем. Сөз берем.»

Ата мээримине зар балам ыйлап жиберди. Аны катуу кучактап ыйлап кирди. Ал баламдын чачынан сыйлап, чекесинен өптү. Бул жакта туруп алып мен ыйлайм. Жашоо мени сындара албады. Мен жеңдим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Англис тилин үйрөнүп жаткандар үчүн 5 пайдалуу телеграм канал

Англис тилин үйрөнүп жаткандар үчүн 5 пайдалуу телеграм канал

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.