AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уулум эмнеге атасы мен эмес

Уулум эмнеге атасы мен эмес, кошуна байке болушун каалаганын билип ыйладым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Менин окуям кыска эле. Элге окшоп кооздоп жазганды деле билбейм. Бирок, эмнегедир силер менен бөлүшкүм келди. Балким, бирөөңө сабак болот.

Качан үйгө келбейин балам кошунабыздын короосуна көз чаптырып тамдын башында отурат. Мени көрөрү менен түшүп кетет. “Бирөөнүн үйүн карап эшек такалабай, сабактарыңды жазбайсыңбы!”. Тилдесем унчукпайт. Быйыл экинчи класс болду.

“Ары турчу”, “ эй,кайда жүрөсүң” “пультту алып берчи”, “өзүң жасачы”, “кебетең кантет”, “желмогуз”, “эшектин баласы”, “чалчаңдабачы” ж.б. Уулума акыркы ирет айткан жакшы сөзүм эсимде жок. Ата-баладай болуп сүйлөшпөйбүз дагы. Бул курактагы балдар каткырып күлүп ойноп жүрүш керек эле, а меники ар дайым ойлуу, кабагы бүркөө.

“Мен сени жаман көрөм! Менин атам Акан байке (кошунабыз) болсо сонун болмок!” Колундагы дептерин ыргытып эшикке чуркап чыгып кетти. Шок болуп  калдым. Сабагын түшүнө албай жатканын айтып жардам сурап келди. Телефон чукулап жаткам. Ээринип “башың жокпу” деп, ачуу сөздөрдү айтып урушуп кирдим. Анан эле мындай болуп кетти…

Эртеси жумуштан суранып үйгө эртерээк келдим. Тамдын башына чыгып кошуна тарапты карадым. Тигине Акан баласы, кызы болуп суу чачышып ойноп жатышат. Баары тим эле бактылуу. “Менин байлыктарым” деп балдарын эркелетип, айлантып, асманга ыргытып жатат. Карап эле отургуң келет. Демек, менин уулум ушуну көрүш үчүн бул жакка чыгат турбайбы…

Бактын түбүндө жер чукулап отуруптур. Жанына бардым. Эмнеден сөз баштарымды билбейм.

— Жүр, аттракционго барып келебиз.

— …

— Машина алып берейинби.

— …

— Шоколад жейсиңби?

— …

— Телефонумду ойнойсуңбу?

— …

— Робот алып берейинби?

— …

— Акылсыз атаңды кечир уулум.

Башын көтөрүп мени карады. Кармана албай ыйлап жибердим. Кучактады. “Баатырым менин!”. Башынан сылап чекесинен өптүм. Кол кармашып үйдү көздөй жөнөдүк.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Өзүңүздүн ким экениңизди билбесеңиз

Өзүңүздүн ким экениңизди билбесеңиз, бул 5 кадамды жасаңыз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.