AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул — коронавирус

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 3 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Учурда эч кандай курч респурадордук вирустук инфекция жок, жүрүп жаткан оору — коронавирус

Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевдин айтканына караганда, өлкөдө КРВИ (Курч респиратордук вирустук инфекция) жүрбөй эле, элдер туш болгон оору — коронавирустук инфекция. COVID-19 дагы курч респиратордук вирустук инфекциялардын катарына кирет. Болгону бул жаңы жогорку контагиоздук инфекция.

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору

Ошондуктан дене табы көтөрүлүп, өзүн начар сезип жаткан жарандардын бардыгынан үйдө болгула, деп суранып жатабыз.

Эгер абалыңыз өтө курч эмес, температураңыз да чыдагыдай болсо, анда үйдө эле калып, үй-бүлө мүчөлөрүнөн мүмкүн болушунча обочолонууга, изоляцияланууга аракет кылгыла. Изоляция — бул демек эч ким менен контактыга барбоо жана коомдук жайларга чыкпоо.

Ооруканаларга, менчик клиника жана лабараторияларга барбай эле турган туура.

Себеби бул иш аракеттериңиз менен оорунун андан ары жайылышына шарт түзүп жататсыз.

Кичинекей балдарга коронавирус жугушу мүмкүнбү? Дагы 12 суроого жооп

Ооруп калган ар бир адам жакындарынын жана аны курчап турган адамдардын ден соолугуна жооптуу мамиле кылууга тийиш. Эгер абалыңыз күчөп, демиңиз кысылып баштаса, анда 118 номерине же үй-бүлөлук дарыгерге чалыңыз.

Сизге мобилдик бригада жөнөтүлүп, госпитализация зарыл же жок экенин айтышат.

КРВИ, грипп жана COVID-19дун симптомдору абдан окшош. Аларды анализ аркылуу гана айырмалоого болот. Бирок КРВИ же грипп менен ооруган адам мынчалык көп кишиге оору жугузбайт. Анын үстүнө азыр аталган оорулардын сезону эмес.

Симптомдордогу айырмачылыктар

     Симптомдору      Коронавирус      Суук тийүү       Грипп
Температура көтөрүлөт    көбүнчө    сейрек    көбүнчө
Шалдырайт    кээде эле    кээде эле    көбүнчө
Жөтөлөт    көбүнчө (кургак)     сейрек    көбүнчө (кургак) 
Чүчкүрөт    жок    көбүнчө    жок
Муундар ооруйт    кээде эле    көбүнчө    көбүнчө
Мурун бүтөт    сейрек    көбүнчө    кээде эле
Тамак ооруйт    кээде эле    көбүнчө    кээде эле
Ич өтөт    сейрек    жок    кээде эле
Баш ооруйт    кээде эле    сейрек    көбүнчө
Энтигип дем алат    кээде эле    жок    жок

Эгер ооругандар өз алдынча изоляцияанса, бул саламаттыкты сактоо системасына келип жаткан жүктү кыйла жеңилдетмек, дейт Талант Сооронбаев.

Коронавирус оорулуунун заңы аркылуу жугабы? Көп берилген 7 суроого жооп

Өзүндө коронавирустун симптомдорун байкаган адамдарга төмөнкү рекомендацияларын берди:

  • Биринчиден, Бардык симптомдорго олуттуу көңүл бөлгүлө. Дене табы көтөрүлгөндөр дароо өзүңөрдү обочолоп, 12-14 күнгө чейин эч жака чыкпагыла
  • Экинчиден, паникага алдырбагыла. Эгер демиңиз кысылбаса, симптомдор өтө курч эмес болсо, анда үйдөн эле дарылануу сунушталат. Мисалы, температураны басуучу препараттарды ичүү – парацетамол же ибупрофен. Эгер дене табы 38,5тен жогору болсо. Андан тышкары тынымсыз суу ичип, жатып эс алуу керек. Көпчүлүк бейтаптар үйүнөн эле дарыланып жакшы болуп кетишүүдө.
  • Үчүнчүдөн, үй-бүлөүк дарыгериңиз менен байланышып, телефон аркылуу консультация алып тургула.

Дарыларды, өзгөчө антибактериалдык препараттарды өзүм билемдик менен ичүү коопту. Дарыгердин сунушу менен гана кабыл алыңыз.

Ден соолукта болгула!  

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Таң атпай туруп уйун саайм

Таң атпай туруп уйун саайм, тамак жасайм, жармасын өксүтпөйм. Ошондо да жакпайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.