AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Туура эмес сүйлөп алып аялы жок калдым

Туура эмес сүйлөп алып аялы жок калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бактыгүлдү азыр мурункудан да катуу сүйөм. Баарына өзүм күнөөлүмүн.

Үйгө кеч келем. Чалса жооп бербейм. Жасаган тамагын мактабайм. Комплимент айтпайм. Кучактап жатпайм. Кол кабыш кылбайм. Белек бербейм.

Аркасынан үч жыл чуркадым. Бир көргөндө эле жүрөгүм козголгон. Кашы, көзү кара, ак жумал келген чырайлуу кыз эле. Университеттен чыгаар менен ал үйүнө, мен достор менен клубка жөнөчүмүн. Курсташтарымдын баары менин түнкү жашоо образым тууралуу билишчү. Ананчы, аудиторияда “перегар” жыттанып уктап жатсам.

“Залкар, мени жайыма койчу!”. Ага болгон ар бир мамилеме ушинтип жооп берчү. Гүл берсем албайт, киного чакырсам барбайт, үйүнө жеткирип коеюн десем качат. Болбой эле тырышып жабышып жүрдүм.

Качан жана кайсы убакта экенин билбейм, айтоор Бактыгүл мага көңүл бура баштады. Кыязы, боору ооруду көрүнөт. Ал учурда менден өткөн бактылуу киши жок болчу.

Баш кошконубузга алты жыл болгон. Биринчи айлар сонун өтүп жатты. Бара-бара күнүмдүк турмуш мени өзүнө тартып баратты. Бактыгүл дале баягыдай, көңүлүмдү карап, ар бир күндү өзгөчө кылганга аракет кылат.

“Бүгүн  биздин баш кошконубузга 5 жыл болду. Куттуктайм жаным!”, Жумуштан келсем, дасторкон даярдап күтүп отуруптур. “А, жакшы, эмне бар жегенге” деп, жубайымды өөп койгонго жарбай басып кеттим.

— Сен өзгөрдүң Залкар, мага көңүл бурбайсың балдар менен ишиң жок.

— Дагы баштадыңбы?

— Баштадым, баштадым!

— Сага эмне жетпейт? Заңгыраган үйүң бар, курсагың ток, сураган акчаңды берем. Ыраазы болбогон катын экенсиң го!

— Мага ушул нерсенин баары керек дейсиңби!

— Болдучу эй, башымды оорутпай!

— Болду сүйбөйм дечи.

— Сүйбөйм!

— …

Буркурап ыйлап жатты. Унчукпай кол шилтеп басып кеттим.

Эшикке чыкканда гана ачуум менен “сүйбөйм” деп айтып  алганымды түшүндүм. Кайра кирип кечирим сурайын дедим, кур намыс жол бербей, достор менен пиво ичкени кетип калдым.

“Залкар…

Мындан ары башыңды оорутпайм, мээңди жебейм, көңүл бур дебейм.

Мага үйлөнүп жатканда, “сени сөзсүз бактлуу кылам” деп сөз бергенсиң. Ишенбесең тоюбуздун видеосун көр, 27 мүнөт, 32секунд. Сөзүңө турган жоксуң.

Жалгыз жаздыкта, муздак төшөктө жата берип чарчадым. Жаныңда айланчыктап жүрсөм да мени сезбейсиң. Жылуу сөз айтпайсың. Бир кучактап гүл берип койгонго жарабайсың. Жадакалса туулган күнүмдү унутуп койдуң. 

Сен мени ажаан аялга айланттың! 

Сен жана балам үчүн өзүмдү курмандык кылганымды билбедиң. Эсиңдеби, жумушка кабыл албай коюшту деп келгем. Кабыл алышкан, болгондо да чет мамлекеттеги филиалына, мен баш тарттым, сен үчүн баш тарттым. А сен …

Ичиңде эмне болуп жатканын айтпайсың. Мени менен сыр бөлүшпөйсүң. Суроолорума жооп бербейсиң.

Алты жыл. Угуп жатасыңбы, алты жыл үй-бүлөбүздү сактап калыш үчүн жалгыз күрөштүм. Бул чоң жоопкерчиликти мойнума көтөрүп жүргөндөн чарчадым. Бирок, дале мени сүйөт деп үмүттөндүм. Көрсө…

“Сүйбөйм” дедиң да басып кеттиң, жаңылдым деп кайра келээриңди күттүм. Сен пиво ичкени кетип калдың.

Мен кеттим. Кайтарам деп аракет кылба, сага бир мүмкүнчүлүк бергем, аны кармай албадың. Бала экөөбүздүкү, каалаган күнү көрүшө берсең болот. Бирок көрүшөсүңбү күмөнүм бар. Кош!”

Оо,кудай! Мен эмне кылып койдум.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Канча аракет кылсаң

Канча аракет кылсаң, ошончо аласың! Италияда окуган Мээрим Качкыновадан кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.