AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сүмөлөк аралаштырып жаткан жеңемдин тилегин угуп алып ыйладым

Сүмөлөк аралаштырып жаткан жеңемдин тилегин угуп алып ыйладым

19 марта, 2022
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тизилип турган бачоктордун артына кирип кеткен сары жөжөнү чыгара албай, мен дагы артынан «чипа, чипа» деп кирдим. Өзүмдү кичинекей элестетип алган окшойм. Кармадым. Эми чыга албай тыгылып калдым. Артка сойлодум. Ошол маалда кайнап жаткан сүмөлөккө жеңем келди. Башкалар чай ичкени кирип кетишкен. Бачок жакта тыгылып турган мени көрбөдү. Тилегин айтып аралаштыра баштады.

Жеңем акыркы убактарда ойлуу. Мурдагыдай көп күлбөйт. Үйгө келгенде унчукпай басып жүрө берет. Апам менен атам дагы кабатыр. Байкемен сурашса, баары жакшы деп койгон. Апам байкеми урушту. Анда дагы эч нерсе айтпай койду. Экөөнүн ортосунда бир нерсе болгондой. 

Эки жыл мурун үйлөнүшкөн. Ал күн дале эсимде. Ананчы, дарбазага илине турган шарлардын баарын жалгыз отуруп алып үйлөгөм. Аягында дем жетпей, кулап калайын дегем. Машина келди. Ичинен жеңем түштү. Кичинекей кара кыз эле. Бирок ушунчалык сулуу болчу. Байкеми карап «охо» десем, кызганып кеттиби, айтор, мага муштумун түйдү (тамаша иретинде). Апам «бар, шорпону кара» деп кууп жиберди. 

Мен бирок үйлөнгүм келбейт. Балким, кийин үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым таштап кеткенден кийин, могу жүрөк ооруп жүрөт. Ага өчөшүп бир-эки кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Унута албадым. Шорпо аралаштырып жатып, «жеңелүү болдум» деп ага кат жаздым. Окуп туруп жооп бербеди. Жаман кыйнап жиберди. 

«Кудайым, менин бир гана тилегим бар, аны билесиң, андан ажыратпа. Билесиң, мен кичинемден бери көп баланын энеси болгум келчү. Бул тилегимди менден тартып алба. Сүйгөн адамымды таптым. Эми экөөбүзгө алакан толо бала бер. Көчөгө чыккым келбейт. Балдарды ээрчитип бараткан ата-энени көрсөм буулугуп ыйлагым келет. Дарыгерлер менин дартым оор экенин айтышты. Бала көтөрө албай калышым мүмкүн экенин айтышты. Аны уккандан бери күйөөм, балалуу болбойбуз деп мага уруксат бербей койду. Мен жок жашай албасын айтты. А мен баласыз кантип жашайм. Бирок, мен дарыланып жатпайымбы. Айыгып…» 

Калган сөзүн айта албай, бышактап ыйлап жиберди. Тизесин кучактап алып ыйлай берди. Байкем келип жетелеп алып кетти. Көрсө, жеңем ооруп жаткан тура. А биз билбей, туугандар чогулса эле «качан балалуу болосуңар» деп сурап, жарасына туз себе берчү экенбиз. Ачуум келип чыкты. Муштумумду катуу түйдүм. Жөжө чыйпылдап жиберди. Аны эстеп кетип кое бердим, аз жерден өлүп кала жаздады. 

Кечинде апам менен атама баарын айтып бердим. Балким айтпай эле коюшум керек эле, мен ушундай чечтим. Апам унчукпай угуп отурду. Атам дагы эч нерсе дебеди. Апам менен жеңем экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Бир көргөнүм жеңем апамдын тизесине башын коюп ыйлап жатканы, апам анын чачынан сылап отурганы болду. 

Байкем менен жеңем кыз багып алышты. Баягы жөжөдөй сары кыз экен. Чачы тармал, бети сепкил. Ушунчалык кичинекей. Тили чыга электе уктап эле жата берчү. Сүйлөп калгандан бери аны алганга талашабыз. Апамдар «качан келесиер» деп үйгө чакыра беришет. Сонун кыз болду. 

Бул окуя төрт жыл мурун болгон. Мен азыр студент. Баягы сары жөжө тыпылдаган кыз болду. Төрткө чыгат. Канчадасаң десең, колун көрсөтөт. Баса, бир жыл мурун сиңдилүү болгон. Жеңем менен байкемдин сүйүнгөнүн көрсөңөр, ыйламаксыңар. Бирок, бир чындыкты айтып коелу. Баарыбыз сары жөжөнү көбүрөөк жакшы көрөбүз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Нооруз майрамында ар бир үйдө кандай ырым жасалат? Акылдуулар үчүн тест

Нооруз майрамында ар бир үйдө кандай ырым жасалат? Акылдуулар үчүн тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.