AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Стресс деген эмне

Стресс деген эмне, жана кандай учурда адам үчүн кооптуу? Психолог айтып берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Стресс деген эмне? Анын белгилери кандай? Стресстин адамга эмне кереги бар? Бул суроолорго психолог Мария Самсонова жооп берди.

Стресс – бул нервтин жана психиканын чыалып турган учуру, адатта организмге кандайдыр бир коркунуч туулуп жатканда пайда болот. Стресстин таасири менен адамдын денесинде бир катар өзгөрүүлөр жүрөт. Маселен жүрөгүнүн согушунда, кан айлануусунда, булчундардын тонусунда, тер бөлүнүп чыгууда, мээ структураларынын активдүүлүгүндө.

Негизинен стресс – бул адамдын ресурстарын тегиз бөлүштүрүп, адаптациялаган функциясы. Стресс абалында адам укмуш күчтүү болуп, узак жол басып же коркконунан абдан тез чуркагандыгы тууралуу көп эле уксаңар керек. Мындайда адам бардык ресурстарын бир чогултуп, коркунучтан коргонуу максатында колдонот.

Стресс үч этап менен өтөт:

  1. Кооптонуу (организм ресурстарын чогултат);
  2. Каршылык көрсөтүү (активдүү аракет учуру);
  3. Алсыздануу (организм кайра калыбына келүү үчун ку кубат топтойт).

Демек, стресс – бул зыян эмес, тетирисинче, биздин организм үчүн абдан пайдалуу функция!

Бул нерсе көйгөйгө айланат качан гана адам стресс жараткан фактордон, кырдаалдан-стрессордон кутула албаган учурда.

Мисалы, адам ар дайым кооптонуп, коркуп, тынчы кетсе, анын мээсинде миңдеген ойлор өтөт. Ал жакын арада жаман нерсе болуп кетүүдөн коркот, бирок ошону ар дайым элестете берет:

  • Экзамен тапшыра албай калсам кантем?
  • Жолдо баратып авария болсокчу?
  • Күйөөм мени таштап кетсечи? – ж.б.

Биздин организм бул оюбуздан жаралган фантазиябы же чындап коркунуч жаралып жатабы айырмалабайт. Ал ар дайым кооптонууга стресс түрүндө реакция жасайт.

Ошону менен адам дистресс абалына түшөт, башкача айтканда, өнөкөт стресс. Бул биздин организм, ден соолук үчүн өтө кооптуу. Дистресстен чыгуу үчүн психологдун же психиатрдын жардамы керек.

Дистресстин белгилери:

  • ар дайым кооптонуу;
  • уйку качуу же тетирисинче ар дайым уйкуга тартуу;
  • тамакка бологон табиттин жоголушу же ого бетер күчөшү;
  • чочуй берүү, кыжырдануу;
  • маанайдын себепсиз, тез-тез өзгөрүшү;
  • агрессивдүү болуу, негизсиз конфликтке баруу;
  • эс тутумдун начарлашы;
  • көңүлдү бир жерге чогулта албагандык;
  • мурункудай эмгектене албагандык;
  • булчуңдардын карышып калуусу
  • соматикалык бузулуулар (баш оору, жүрөк айлануу, ич өтүү, ашыкча тердөө, тахикардия, колу-буттун калчылдашы).

Эгер өзүңүздө дистресстин бир нече белгилерин байкасаңыз, сөзсүз тиешелүү адиске кайрылыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөмдүн телефонун чукулап отуруп эски курбуларымдын номерин көрүп калдым

Күйөөмдүн телефонун чукулап отуруп эски курбуларымдын номерин көрүп калдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.