AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Сепаратизм деген эмне?

Сепаратизм деген эмне?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Сепаратизм деген эмне жана анын кандай кубулуштары бар. Окумуштуулар жана саясат талдоочулар бул түшүнүк азыр “кайсыл бир азчылыктын өз алдынчалыкка умтулуусу” деген чектен чыгып, “бир өлкөнүн башка мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө кол салуусуна” айланып бара жатканын белгилейт.

Сепаратизм деген эмне?

Сепаратизм — бул бир мамлекет, мамалкеттик түзүлүш ичиндеги кайсыл бир топтун өз алдынчалыкка умтулуу аракети. Ал аракеттин максаты эгемендик алуу же автономия куруу болушу мүмкүн. 90-жылдардын соңу жана 2000-жылдардын башында Россияда “суверендүүлүк парады” деп таанылган кубулуш орун алган. Анда сепаратисттик талаптар, аракеттердин жыйынтыгында федеративдик келишим аркылуу Россия Федерациясындагы 89 субъектилердин саясий макамы өзгөргөн.

Бардык эле азчылыктын өз алдынчалыкка умутулуу аракетин терс кароого болобу?

80-жылдардын аягында мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерде эгемендүүлүк чакырыктары күч алып, жаштар митинг, демонстрациялар чыгып, борбордук бийликке баш ийбей, мындай айтканда активдүү сепратизмдин белгилери орун алган. Жыйынтыгында СССР деген курама мамлекеттик түзүлүш урап, 15 мамлекет өз эгемендигин кайтарган. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Эгемендүүлүккө умтулган аракеттер азыркы Россия Федерациясынын шартын да дагы бар, мисалы, Татарстан өңдүү федеративдик субъектилер тарыхий эгемендигин кайтаруу ниетин маал-маалы менен ачыктап келет. Мисалы, ошол эле уйгурлардын дагы өз алдынчалыкка умтулуу аракеттерин бир беткей кароо дагы кыйын.

«Мен саясатка кызыкпайм» — бул фразанын эмнеси туура эмес

“Сепаратизм түшүнүгү азыр чаржайыт, талаштуу. Мисалы, Кыргызстанда бар делген айрым улуттук азчылыктардын арасындагы сепаратисттик аракеттер — бул мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдай. Сепаратизм аракети дайым кайсыл бир мамлекеттин саясий жана аймактык бүтүндүгүнө доо келтирүү менен ишке ашат. Ушундан улам “сепаратизм” термини көбүнчө терс мааниде колдонулат. Бирок, бир жагдай бар: сепаратисттер өз улуттук маданиятын, тилин, иденттүүлүгүн сактап калууну негизги себеп катары коюшат. Андай болгондо, мисалы, Өзбекстан мамлекети бар жана ал өзбек тили, маданияты, тарыхын сактап, коргоп келет. Ал эми уйгурлардын тилин, тарыхын, маданиятын коргогон өз мамлекети жок. Демек, бул жүйөө бир жерде орунсуз, а бир жерде даана мааниге ээ болушу мүмкүн. Ошол эле чечен же татарлардын ата-мекеним деп кошулуп кетүүчү эгемен мамлекети жок. Россиянын алкагында мындай аймактар көп”, — Эмил Жураев, саясат талдоочу.

Луганск жана Донецкте сепаратизм болгонбу? 

Баардык мамлекетте улуттук көп түрдүүлүк бар. Андыктан сепаратизмдин белгилери кандайдыр бир деңгээлде бардык эле мамлекеттерде болушу мүмкүн. Бирок, соңку жылдары айрым топтордун кайсыл бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө доо келтирип, бөлүнүп чыгабыз дегенине сөзсүз түрдө үчүнчү тарап кызыктар, себеп болууда дейт саясат талдоочу Эмил Жураев:

“Ошол эле Украинанын Луганск жана Донецк “эл республикалары” деп өзүн өзү атап алган аймактарын айтсак болот. Өзгөчө сырткы күчтөрдүн божомолдуу таасирин сурачу болсок, сепаратизмдин бул жердеги негиздүүлүгү чоң суроолорду жаратат.  Ага чейин Крымдын аннексияланышын да эске алсак, кырдаал даана эле аз убакта жасалма түрдө пайда болгонун айтсак болот”, — Эмил Жураев, саясат талдоочу

Тарыхий тастыктама: 2014-жылдын 11-майында Украинанын Луганск жана Донецк аймагындагы айрым топтор бул эки облусту “өз алдынча мамлекет” деп жарыялашкан. Жана ошол замат Россиянын курамына кирүү ниетин билдирген:“Донецк эл республикасынын элинин каалоосун эске алуу менен жана тарыхий адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн Россия Федерациясынан Донецк эл республикасын Россия Федерациясынын курамына кабыл алууну кароону өтүнөбүз”, — Денис Пушилин, өзүн өзү жарыялап алган Донецк эл республикасынын убактылуу өкмөтүнүн теңтөрагасы, 2014-жыл, 11-май.

Дүйнөлүк саясий түзүлүштө Россия Федерациясы жашап турган маалда айрым суверендүү өлкөлөрдөгү орус тилдүү калктын өз алдынчалыкка умтулуусун кандай чечмелесе болот?

“Биринчиден, башка мамлекеттерде орустардын жана орус тилдүүлөрдүн укуктары толук бойдон мыйзам алкагында сакталган. Орус тилинде сүйлөөгө эч ким бөгөт койгон эмес. Бул демократиялык мамлекеттердин негизги принциптеринин бири. А эгер бирөө орус маданий, тилдик, диний чөйрөсүндө жашоого умтулса, Орусияга которулса да болот, ал жакта бир канча жылдан бери андай көчүп келүүчүлөрдү кучак жайып тосуп алышууда”, — Эмил Жураев, саясат талдоочу.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

Күйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.