AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Секс жана кош бойлуулук жөнүндө өспүрүмдөр чыгарган 6 миф

Секс жана кош бойлуулук жөнүндө өспүрүмдөр чыгарган 6 миф

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Мындан 20 жыл мурун секс тууралуу маалымат алуу кыйын болчу. Бардыгы жашыруун, сырдуу жана уят эле. Ошондуктан бул темаларга байланыштуу мифтер өтө көп. Азыр интернет заманында каалаган нерсени билип алсаң болот. Бирок жыныстык катнаш темасына байланыштуу имиштер дале бар. Алардын айрымдарын Bilesinbi.kg айтып берет.

1-миф: Кыздык белгиси алынбаса бойго бүтүшү мүмкүн эмес.

Чындык: Өспүрүм куракта боюна бүткөн кыздардын 7% пайызы кыз бойдон калышат. Башкача айтканда анатомиялык жактан кыздык белгиси сакталуу. Сперма тынымсыз кыймылда болгондуктан көп сааттык саякаттоого дарамети жетет. Ич кийимден же жыныс эриндеринен деле тиешелүү жерге жетип, бойго бүтүп калышы мүмкүн.

2-миф: Эгер эркек аялдын ичине эмес сыртка бүтүрсө, бойго бүтпөйт

Чындык: Үзгүлтүккө учуруган жыныстык катнаштын башкы кемчилиги, жыныстык катнаш башталганда эле, эркектин мүчөсүнөн аз-аздан, тамчылап суюктук бөлүнө баштайт. Анын курамында да сперматазоиддер болот. Андан тышкары оргазм алганга чейин деле урук суюктугу аялдын жыныс кынына ага берет. Жыйынтык, баары бир бойго бүтүү коркунучу калат. 

3-миф: Биринчи секс учурунда кыздын боюна бүтпөйт

Чындык: Бойго бүтүү канчанчы жолу секс болуп жаткандыгына эч кандай байланышы жок. Этек киринин ыңгайлуу циклине туш келе турган болсо (башкача айтканда овуляция учуруна), сперма жумуртка клеткага чейин жетсе, бойго бүтөт. Урук аябай тың, жана жанталашма экенин 2-мифте айтылды. 

4-миф: Туруп алып жыныстык катнашка барса бойго бүтпөйт

Чындык. Гравитациялык мыйзам бул учурда иштебейт. Биринчиден аялдын жыныс кынынын анатомиясы ушундай түзүлгөн, түнү менен тикесинен тик турсаңыз да, анын ичинен сперманын бардыгы агып түшпөйт. Экинчиден, ичинде калганы деле уруктандыруу үчүн жетиштүү.

5-миф: Эгер кыз оргазмга жетпесе, демек боюна бүтпөйт

Чындык. Бул жаңылыштык аялдын оргазм алышы бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат дегенден улам келип чыккан. Бирок оргазм албай калса бойго бүтпөйт, дегенге эч кандай илимий негиз жок. Өмүр бою оргазм эмне экенин билбей, бирок бир нече балалуу болгон аялдар толтура. 

6-миф: Секстен кийин дароо жуунса бойго бүтпөйт

Реалдуулук: Чынында, теңиринен тескери. Суу сперманын тезирээк жүрүшүнө жардам бере турган фактор. Сууга түшүп жатып да жыныстык катнашка барса бойго бүтпөйт деген мифке да ушул эле жооп жарайт. Ыңгайлуу шартта уруктук сууда бир нече саатка чейин жашай алат. Демек, жыныс кынына кирип, жумуртка клеткасын уруктандыра алат. 

Маалымат letidor.ru сайтынан алынды.

Кош бойлуулук жана секс тууралуу 9 миф

Оргазм тууралуу сиз билбеген кызыктуу маалыматтар

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Миллион сом чогулткусу келгендер үчүн пайдалуу кеңештер

Миллион сом чогулткусу келгендер үчүн пайдалуу кеңештер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.