Кээде жумуш кылгым келбейт, кээде майын чыгара жасайм. Мактоону жакшы көрөм. Мени гана мактап турушса дейм. Жоопкерчиликти сезбейм. Ойлорум чачыранды, ички дүйнөм тынч эмес. Жашоом жөн эле өтүп жаткандай. Эмне кылсам болот?
// //

Айгүл Ысыкеева
Психолог
Билесизби, жоопкерчилик – бул туруктуулук, бир же көп адамдардын социалдык институттар менен сүйлөшүүсү жана ал сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы. Жан дүйнөдөгү коркунуч сезимдери туруктуулукка жол бербесе, жоопкерчилик калыптанбай калат. Билип, түшүнүп турса дагы күмөн саноо башталат. Туурабы же туура эмеспи деген суроолор көп болот. Көп учурда күмөн саноосу күчтүрөөк болсо, иштин баарын тескери жасайт.
Өзүңүзгө жардам берсеңиз болот. Ал үчүн:
Дайыма өзүңүзгө “Сен жакшы адамсың, сен өзүңө ишен, жүрөгүңдү ук, адашсаң оңдоп койсоң болот” деген сөздөрдү айтып туруңуз. Балким бул жөнөкөй сөздөр болушу мүмкүн, бирок жардамы чоң. Ийгиликке жетсеңиз, өзүңүздү мактап, колдоп коюңуз. Эч качан башкалардын мактоосуна жана колдоосуна көз каранды болбоңуз.