// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Окууга болгон кызыгуум начар

Менин окууга болгон кызыгуум начар, сабактарымды өздөштүрө албайм. Бат-бат жиним келип, бир нерсеге сарсанаа боло берем. Себебин билбейм. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
29.05.2018, 12:57

Айгүл Ысыкеева

Психолог

Кымбаттуум, белгисиз нерсеге сарсанаа болуу – чарчоонун белгиси. Билсеңиз керек, адам чарчап турганда окууга, сүйлөшүүгө алы келбейт. Себебин билбейм деп жатасыз, бирок  билгенге туура келет.

Келиңиз байкап көрөлү:

  1. Жиниңиз келген, сарсанаа болгон учурларыңызды тизмеге түшүрүп, кандай учурда, кимге карата болгонуна анализ жүргүзүңүз.
  2. Ачуулануунун өзүңүзгө же башка бир адамга карата болгон багыты болот. Бирөөгө эмне себептен ачууланасыз? Ал сизди таарынттыбы же басынттыбы? Жакшылап карап көрүңүз.

Сизге чечүү жолдорун айта кетейин:

  1. Ачык айтуу. Сизди мындай абалга салган адамга ачууңузду, санааңызды айтып, иштин чоо-жайын тактап алыңыз.
  2. Эрежелер. Ата-энеңиз кичинекей кезиңизде “сен башкаларды ук, аларга катуу сүйлөбө, өз оюңду айтуу уят ” деген эрежелер менен тарбиялаган болсо, аларды унутуңуз. Сиз өз оюңузду билдирүүгө укугуңуз бар.
  3. Сырттан колдоо издөө. Адам кээде өзү жалгыз калат. Мындай учурда жөлөк болчу дос же тууган керек. Сиз дагы дос табып аны менен ичиңиздеги сезимдерди бөлүшүп туруңуз.

Бир нерсе эсиңизде болсун, дайыма жинденип, санаа тартып жүрсөңүз алтындай болгон убакытыңыз, өспүрүм курагыңыз, күчүңүз кетип, жашооңуз кызыксыз өтөт. Мен сизге ишенем, колуңуздан келет. Жардамга муктаж болсоңуз психологго кайрылыңыз. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт