18 жаштамын. Аябай ырчы болгум келет. Бирок өтө эле уялчаакмын. Максатыма ушул сапатымдан улам жете албай жүрөм. Эмне кылсам болот?
// //
18 жаштамын. Аябай ырчы болгум келет. Бирок өтө эле уялчаакмын. Максатыма ушул сапатымдан улам жете албай жүрөм. Эмне кылсам болот?
Кундуз Оморова
Психолог
Ырдаганга, бийлегенге жөндөмүңүз бар болсо, атайын ийримдерге барыңыз. Ал жерден өз ишин билген жетекчилер, адистер сизди даярдап, эл алдына чыгара баштайт. Бир-эки жолу эле чыгып алсаңыз, эл алдындагы коркуу сезиминен арыла баштайсыз. Мындайча айтканда тажрыйба керек. Тажрыйба топтош үчүн өзүңүз эле сахнага чыгам деп айтып, бат-баттан чыга албайсыз. Ал эми мындай ийримдерге катышуу сиздин ачылууңузга жардам болот. Атайын концерттерге алып барышат, өзүңүз теңдүүлөр ырдап, бийлеп жатканын көрөсүз. Сизге стимул болот.