Мен беш жылдан бери тааныш бир адамдын экинчи аялы болгум келет. Ага турмушка чыгышыма ата-энем каршы. Мен болсо турмушка чыгып ажырашкам. Эмне кылсам болот?
// //
Мен беш жылдан бери тааныш бир адамдын экинчи аялы болгум келет. Ага турмушка чыгышыма ата-энем каршы. Мен болсо турмушка чыгып ажырашкам. Эмне кылсам болот?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматуу окурман, эки жана андан көп аял алууга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык тыюу салынат. Коом дагы экинчи аял болуп тийгенди жактырбайт. Айткандарыңызга караганда сиздин ата-энеңиз дагы буга макул эмес экен. Алар сиздин расмий никедеги сүйүктүү жар, балдардын бактылуу энеси болушуңузду каалашат. Жакшылап ойлонуңуз, өзүңүздүн бактыңызды келечекте сөзсүз жолуктурасыз.