Этек киримди эсептеп көрсөм 40 күндө бир келет экен. Өзү этек кир бүткөн күндөн баштап эсептелеби?
// //
Этек киримди эсептеп көрсөм 40 күндө бир келет экен. Өзү этек кир бүткөн күндөн баштап эсептелеби?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, менстурация келген күндөн башталып эсептелинет. Сиз атайын айыз календарына белгилесеңиз, жаңылбайсыз. Календардын жардамы менен дайымкы этек кир циклин, узактыгын билип аласыз.
21 күндөн 31 күнгө чейинки аралык нормалдуу. 40 күн бул көп. Эгерде сиздин этек кириңиз мурунтан эле ушул аралыкта келсе норма. Бирок, айыз кечиккен учурда анализ тапшырып көрүнүп коюу керек.