Жашым 19 да. Заара чыгарганда жыныстык мүчөмдүн учу ооруп жатат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
// //
Жашым 19 да. Заара чыгарганда жыныстык мүчөмдүн учу ооруп жатат. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Нурбек Монолов
Уролог
Урматтуу окурман, гигиенанын туура эмес сакталышынан улам заара чыгаруучу түтүккө инфекция кирип кетиши мүмкүн. Инфекция жыныстык кошулууда сактануу болбосо дагы жугат. Заара бөлүп чыгаруудагы ооруларды дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Ошондой эле туубаса оорунун белгиси болушу дагы ыктымал. Ооруну күчөтпөй же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарыланууну сунуш кылам.