Мен мындан үч ай мурун дарыгерге көрүнсөм "простатит " деген диагноз койду. Дарыгердин көргөзмөсү менен дарыланып, таблеткаларды ичкем. Бирок уролог оору кайталанышы мүмкүн деген. Простатитти алдын алуу үчүн үй шартында эмнелерди кылсам болот?
// //

Нурбек Монолов
Уролог
Үй шартында алдын алуу үчүн заара чыгаруучу түтүктүн, табарсыктын сезгенүү ооруларын өз убагында байкап дарыгерге билдирип туруу керек. Өздүк гигиенаны туура сактап, активдүү жашоо образын өткөрүү абзел. Эгерде көп отуруп иштеген адам болсоңуз жөө басып сейилдөө, чуркоо, сууда сүзүү, теннис ойноо жана башкалар сунуш кылынат.