1) Намазга келип 1-рекетке кошулсам, бирок имам Фатиханы окуп баштаса, “субханаканы” окушум керекпи же окубаса болобу?
2) 1-рекетке кечигип калсам, “субханаканы” качан окушум керек? Кулак каккандан кийин дароо элеби же 1-рекеттин башындабы?
3) Намазга кечигип келип, акыркы каадада отуруп ташаххудду окуп имам салам бергичекти күтөбүз. Бирок ташаххудду окуп бүтүп жөн олтурбай келимени айтып туруш керек дегендер бар экен. Биз кайсынысына амал кылабыз?
4) Намазга кечигип келип акыркы каадада олтурганда имам салам берип адашу саждасын аткарса, мен да салам берип адашуу саждасын аткарамбы же салам бербей эле сажда кыламбы?