Жатыныма без сымал бир нерсе чыгып алыптыр. Тийсем оорутуп жатат. Бул эмне болушу мүмкүн?
// //
Жатыныма без сымал бир нерсе чыгып алыптыр. Тийсем оорутуп жатат. Бул эмне болушу мүмкүн?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, сиз айткан без жатындын кайсы бөлүгүндө, качан чыкты толук жазсаңыз жакшы болмок. Жатындын ылдыйкы бөлүгүндө бартолин бези бар. Бул без сезгенип калган болсо ичине ириң толуп, "бартолинит" оорусун пайда кылат. Мындан сырткары түктөрдөн арылуу учурунда гигиена сакталбаса сезгенүүлөр болуп ириңдеп, шишип кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы гинекологго көрүнгөндө гана так диагнозу билинет.