Курбум 15 жашта. Кээде көкүрөгүнүн учунан сары нерсе чыгып, катып калат. Сыкса эч нерсе чыкпай, оорутат экен. Бул коркунучтуубу?
// //
Курбум 15 жашта. Кээде көкүрөгүнүн учунан сары нерсе чыгып, катып калат. Сыкса эч нерсе чыкпай, оорутат экен. Бул коркунучтуубу?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Менимче курбуңуздун көкүрөгүнүн учу ичти көздөй карап турат. Кыргызда муну “көр эмчек” деп коёт. Үрпү ичти көздөй карап тургандыктан жууну маалында ичине самын жана кирлер толуп калып, учуру келгенде сыртка чыгат. Албетте, сыкканда оорутат. Болгону кылдаттык менен тазалап туруу керек.