// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Тамаша көтөрө албайм

Мага бирөө тамашалап сүйлөсө чын кабыл алып, жаман жактарын ойлоном. Таарынып, буулугуп ал адамды коркутуп дагы койчу адат пайда болду. Өзүм болсо адамдар менен ачык, тамашалашып сүйлөшө албайм. Досторумдун айтымы боюнча тамашага катуу  жооп берет экенмин. Ачык сүйлөгөн, тамашакөй кыз болгум келет. Канткенде бул жаман адаттан арыла алам? 

Эксперттин жообу
22.05.2018, 16:17

Урматтуу окурман, эгер тамаша жеке адамга тийиштүү болсо кандай жооп кайтарууну билбей, кыйналып калат. Уккан тамашада сизге карата басмырлоо болбосо ага таарынып же капа болуунун кереги жок. Айтылган тамашаны кабыл алуу сиздин тандооңуздан көз каранды. Тамаша айтылганда алгач тамашаны туура түшүндүмбү же бул менен фантазиямбы деп ойлонуп көрүңүз.

Менден сизге суроо:

  • Тамашага болгон мындай реакция качан пайда болгон?
  • Сиздин турмушта өзгөчө бир окуялар болуп турабы?
  • Сиздин жашоодо кыйынчылыктар барбы?

Кыжырдануу, жинденүү, туталануу, таарынчактык, ызакордук, алсыздык бул – стресстин белгиси. Мындай учурда адамдын тамашасын, күлкүсүн кабыл алып аны түшүнүү абдан кыйын болот.

Көңүл буруңуз: эгерде бирөөнүн тамашасы сизге ыңгайсыздык жаратса, орой сезилсе сиз анын өзүнө тиешелүү жооп кайтарууга укугуңуз бар. Тамашасын түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, тактап алсаңыз дагы болот.

Негизинен жакшы, жагымдуу тамашага автоматтык түрдө ар дайым күлкү жаңырат. Эгерде бирөөнүн тамашасы күлкүлүү болбосо, маани бербей койсо болот. Бул ыкма “тамашаң мага жакпайт” дегенге эле барабар. Бирок, көпчүлүк тамашалар чын дилден айтылып, күлдүрөйүн деген аракеттин белгиси. Ошондуктан өзүңүз дагы тамашалап сүйлөөгө аракет жасап, башкалардын тамашасын туура кабыл алууну үйрөнүңүз. Ал үчүн эрктүүлүк менен аракет жасоо керек.

Тамашаны достордун, тааныштардын арасында олуттуу кабыл алсаңыз, мамилеңердин токтоп калуу коркунучу бар.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт