Төрөгөндөн кийин этек кир келе элек болсо дагы, бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?
// //
Төрөгөндөн кийин этек кир келе элек болсо дагы, бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Оба, бойго бүтүп калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан, төрөгөндөн кийин контрацепция тууралуу кеңеш алышыңар керек. Ар бир адамдын организми индивидуалдуу. Кээ бир айымдардыкы төрөгөндөн 40 күн өткөндөн кийин эле этек кири келсе, айрымдардыкы бала эмизип бүткүчө келбейт. Ошондуктан ар бир айым, төрөттөн 40 күн өткөндөн кийин гинекологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп, этек кир келет же келбейт деген маалымат алып, ошого жараша коргонуу каражаттарын колдонушу зарыл.