Мен 16 жаштамын. Өзүм “дцп смешанный” болуп төрөлгөм. Ушундай төрөлгөнүмө уялам. Бул ооруну айыктырса болобу же ушул бойдон кала беремби?
// //
Мен 16 жаштамын. Өзүм “дцп смешанный” болуп төрөлгөм. Ушундай төрөлгөнүмө уялам. Бул ооруну айыктырса болобу же ушул бойдон кала беремби?
Альфия Тугунтаева
Невролог
Балдардын церебралдык параличи (ДЦП) мээнин кайсы бөлүгү жабыркаганына жараша түрлөргө бөлүнөт. Мисалы мээнин бир эле зонасы жабыркап, оң же сол тарап иштебей калышы мүмкүн. Мындайлар ДЦПнын зыянсыз түрү болуп эсептелинип, учурунда кайрылса дарылоого болот,кичине гана белгилери калып калышы мүмкүн. Андан тышкары бири-бири менен айкалышкан оор түрлөрү бар. Баары мээнин кайсы аймагы жабыркаганынан көз каранды. Ошол себептүү биз сизди текшербейин,кандай түрүн экенин көрбөй туруп айта албайбыз. Мүмкүн бир колуңуз жебир бутуңуз иштебейттир. Айта кетсем, менин тажрыйбамда 20 жаштагы бала ДЦПдан айыгып кеткен. Баары оорунун түрүнө көз каранды экенин дагы бирирет айтып кетейин. Андыктан сиз невролог дарыгерге кайрылыңыз.