// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Апам менен эжем тил табыша албайт

Апам менен эжем тил табыша алышпайт. Бири-бирин көрсө эле ар нерсени шылтоолоп, уруша кетишет. Мен бул нерседен тажап кеттим. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
17.05.2018, 14:07

Тынчтык Бакытов

психолог

Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат! Сиздин тажап кетүүңүзгө үй-бүлөдөгү атмосферанын бузулушу себепкер. Менде бир канча суроолор пайда болду:

  • Сиздин жашыңыз канчада?
  • Мектепте окуйсузбу же студентсизби?
  • Эжеңиздин жашы канчада жана ал эмне менен алектенет?
  • Кандай “окуялардын”, “шылтоолордун” артынан урушуп кетишет?
  • Эжеңиз менен апаңыз урушуп жатканда сизде кандай сезимдер болот?

Үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизги себеби угуунун жоктугу жана түшүнбөстүк. Психологияда, башка адамды өзгөртүүдөн алыс болобуз. Анткени биз өзүбүздү же окуяга болгон мамилебизди гана өзгөртө алабыз. Жаш өспүрүм болсоңуз, 111 номерине чалыңыз, психологдордон бекер кеңеш ала аласыз. Редакцияга кайрылып, менин байланыш телефондорумду алсаңыз болот. Сизге ийгилик каалайм!!!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт