Аялым менен жыныстык катнашка барганда презерватив колдонбойм. Бирок уругумду түшүрбөйм. Капысынан боюнда болуп же оору жугуп калышы мүмкүнбү?
// //
Аялым менен жыныстык катнашка барганда презерватив колдонбойм. Бирок уругумду түшүрбөйм. Капысынан боюнда болуп же оору жугуп калышы мүмкүнбү?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу мырза, урукту сыртка түшүрүү табигый жол менен сактануунун бир түрүнө кирет. Бирок бул ыкмада бойдо болуп калуу коркунучу бар. Себеби бир-эки тамчы сперма түшүп калса эле, жубайыңыз кош бойлуу болуп калат. Андыктан мындай жолду колдонгон эркек аябай тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мунун кепилдиги аз болгондуктан, башка ыкмага өткөнүңүз жакшы. Бир гана презерватив жыныстык жактан жугуштуу оорулардан жана бойдо болуудан сактайт.