Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, абалыңыз абдан оор экен. Бул жерде сиздин гана эмес, курсагыңыздагы жаңы жашоонун дагы тагдыры чечилип жатат. Жигитиңиз менен жыныстык катнашка барып жатканда контрацептивдерди колдонуу зарыл эле. Ошондой эле 100 пайыз сактаган каражаттар жок болгондуктан, мындай нерсеге даяр болушуңуз керек болчу. Жигитиңиз менен натыйжасын ойлобогондуктан, сиз кош бойлуулукка даяр эмес болуп калдыңыз. 20 жашта экенсиздер, жыныстык катнашка барып жаткандан кийин, баарын билүү керек. Ошондуктан ата-энелер үй-бүлө курганга чейин, мындай мамилелерге тыюу салышат. Себеби алар балдары ата-эне болууга даяр эмес болуп калса, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүлөрү керек болот. Мисалы, силердин абал. Ата-энеңизге айтуудан коркуп жатасыз, бирок бул абалдан чыгуунун башка жолу жок. Оба, башында урушат, бирок кандай болгон күндө дагы жардам беришет. Жакшысы апаңызга айтыңыз, андан кийин эмне кылуу керек экенин чечиңиздер. Дайыма эле кыздарды күнөөлөй беришет, бирок жигиттер дагы жоопкерчилигин мойнуна алышы керек. Көп учурда коркок, инфантилдүү жигиттер кыздар өзү чечип алат деп, качып, жок болуп кетишет. Түшүнгөнүм боюнча сиздин жигитиңиз андай эмес экен. Ал сырттан окуп иштеп же жөн гана иштеп силерди камсыздай алат. Бирок анын тапкан акчасы батирге чыгууга жетеби? Ошондой эле төрөткө, баланын кийим-кечесине, тамак-ашка дагы көп акча керек болот. Ал өзүнүн жана сиздин ата-энеңиздин жардамын албай, сиздерди камсыздай алабы? Эгерде оба десеңиз, анда суроо чечилди. Ата-энеңиз ага каршы болгон күндө дагы, мындай абалда үй-бүлө курууга алар жардам берип колдоо көрсөтөт.
Качып кетүү, өзүңүздү жана баланы өлтүрүү вариантарын карабай деле коюңуз. Бул кино же китеп эмес, бул жоопкерчиликти талап кылган чоң жашоо. Аборт кылуу маселесин туура көрбөй жатасыз, ошондой эле жараткан жиберген жаңы жашоону токтотуп кой деп мен дагы кеңеш бере албайм. Бул нерсени өзүңүз гана чечесиз жана жоопкерчилик дагы өз мойнуңузда! Жигитиңиз бала менен болууга, сизге үйлөнүүгө даяр экен. Жакшысы чыныгы эркектей болуп жумуш тапканды, жоопкерчиликти ойлонсун. Коркпоңуз, ата-энеңизге барыңыз, өз сүйүүңүз жана балаңыз үчүн күрөшүңүз. Алардын жардамы жок, сизге кыйын болот. Сизге жана ата-энеңизге туура чечим кабыл алууну каалайм! Өз бакытыбызды биз өзүбүз курабыз!