Даарат албай туруп орозо кармаса болобу жана орозо учурунда атыр себинип, бетке боёк (макияж) койгонго мүмкүнбү?
// //
Даарат албай туруп орозо кармаса болобу жана орозо учурунда атыр себинип, бетке боёк (макияж) койгонго мүмкүнбү?
Улан Усупов
теолог
Негизинен ар дайым даарат менен жүргөн жакшы. Бирок, орозо кармоо үчүн даарат алуу же даараттуу жүрүү шарт эмес.
Атыр менен боёктун (макияж) орозого зыяны жок. Орозо жеп ичкен жана жыныстык катнашта гана бузулат. Эгерде билип туруп ушуларды кыла турган болсо, 60 күн катары менен кармай турган каффарат орозосу, башкача айтканда айыбы бар. Айта кетчү нерсе аялзаты өзгө эркектер үчүн эмес, өз жолдошу үчүн сулууланып, жасалгаланышы керек.