Мен бир кызды жактырып калдым. Ал 9-"А"класста, мен 9-"В" класста окуйм. Мен кыздар менен эч таанышып көргөн эмесмин. Сүйлөгөндөн сүрдөйм. Эмне кылсам болот?
// //
Мен бир кызды жактырып калдым. Ал 9-"А"класста, мен 9-"В" класста окуйм. Мен кыздар менен эч таанышып көргөн эмесмин. Сүйлөгөндөн сүрдөйм. Эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Психолог
Кымбаттуум, сүйүү деген-бул бир башкача сезим. "Сүйүү менен күчүк көр төрөлөт" деген сөз бар. Айтайын дегеним үйдөн даярданып, бүгүн сөзсүз сезимимди билдирем дегенде күндө дагы, алдына барганда баарын унутуп калышың мүмкүн. Себеби сен эле эмес, канча гана жашта болбосун сүйүүгө кабылган адамдар, сүйгөндөрүнүн алдында айтчу сөзүнүн баарын унутуп калышат. Андыктан сен, сөз сүйлөй албайм деп өзүңө болгон бааны эч качан түшүрбөгүн.
Биринчиден, мектептеги сүйүү-бул эң таза сезим. Себеби сен ал байдын кызыбы, акчасы барбы деген нерсеге көңул бурбай эле, ал кандай болсо ошондой жакшы көрөсүң. Сүйүүнүн дагы түрлөрү бар.
Сага айтаарым, айтчу сөзүңдү камдап, эмнеге кызыгат алдын ала билип алсаң жакшы болот. Эгерде ортоңордо бирдей кызыкчылыгыңар бар болсо сөздөн-сөз чыгып, улана берет. Эгерде жалпы кызыкчылык, тема болбосо анда сүйлөшүү кыйынга турат. Сага ийгилик каалайм!