Менин улуу балам 4 жарым жашта. 4кө эми чыгаарда атасы экөөбүз уруша кеткенбиз. Уулумду 15 күндө алып келип берем деп алып кеткен боюнча 7 айдан кийин алып келди. Балам мурдагыдай ачык эмес, коркок, жалакай, ыйлаак. Башка дагы жаман сапаттар пайда болуп калыптыр. Кантип сүйлөп, мурунку калыбына келтиришти билбей жатам. Мындайда эмне кылыш керек?